Бишкек мэриясынын Социалдык өнүгүү башкармалыктары социалдык иш боюнча адистерди жумушка чакырат. Бул боюнча мекеме жарыя таратып, калаа боюнча жалпы 28 бош иш орун бар экенин билдирди.
Ага ылайык, Биринчи Май районунда 9, Ленин районунда 7, Свердлов районунда 6, Октябрь районунда 6 бош орун бар.
Талапкерлердин социалдык иш адистиги боюнча жогорку же орто кесиптик билими болушу керек, же болбосо социалдык кызматтарда иштөөгө ылайык келген медициналык, педагогикалык, психологиялык, социологиялык же юридикалык багыттагы билими болушу зарыл.
Документтер төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат: