Белгилүү футболчу Криштиану Роналдунун "Аль-Наср" беттештерине бойкот жарыялангандан кийин Сауд Арабиясынын Премьер-лигасы 2,4 миллиард доллар жоготууга учураганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Лиганын каржылык жоготуусу – дүйнөлүк медиа жана коммерциялык долбоорлоруна байланыштуу. Америкалык FOX Sports телеканалы Сауд Арабиясынын лигасын чагылдырууну токтоткон.
Буга чейин Роналду Сауд Арабиясынын "Аль-Наср" клубуна ойноодон баш тартып, бойкот жарыялаган.