Биз социалдык тармакта

Абакта өз жанын кыйган Кумарбектин кармалышы жөнүндө эмнелер белгилүү?

Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектелип камакка алынган Кумарбек Абдыров өз жанын кыйганы белгилүү болду.

Анын сөөгү кечээ, 7-февралда №21 абак бөлмөсүнөн асынган абалда табылган. Кумарбек былтыр сентябрь айында киши колдуу каза болгон 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шек саналып кармалган. Мукашеванын сөөгү Кеминден табылган.

Кумарбек тергөөдө маркумду Ысык-Көлдөн зордуктоого алып өлтүргөнүн, сөөгүн Кеминге жашырганын айтып берген. ЭлТР телеканалы жарыялаган материалда шектүү дагы бир нече кылмышка күнөөлүү экени айтылып, коомчулукта резонанс жараткан. Ал жалпысынан 7 кызга (анын ичинде белгилүү болгону 6 кыз, 4 кыз өлтүрүлгөн, 2 кыз аман калган) кол салганы маалымдалган.

Ал Ысык-Көл облустук милициясы тарабынан Бишкекте качып жүргөндө колго түшүрүлүп, Жети-Өгүз райондук соту былтыр 1-октябрда камакка алуу чечимин чыгарган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 26-январда айыпталуучуну камакта кармоону 29-мартка чейин узарткан.

Жазаларды аткаруу мекемеси шектүү былтыр 17-декабрда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайынан №21 абагына которулганын тактады.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан