
Дем алыш күнү өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 9-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 2, Нарын облусунда 1, Чүй облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 9 күжүрмөн эсеп тартылган.