Ысык-Көл электр тармактары ишканасына караштуу Ак-Суу райондук электр тармактарынын эсептөө инженери К.М. пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, ал электр эсептегичинде пломба жок болгондугу үчүн айып пулдун суммасын азайтуу максатында аталган райондогу туризм кызматын көрсөткөн ишкерлерден накталай акча талап кылгандыгы аныкталды.
Чогултулган далилдердин негизинде К.М. Караколдогу убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.