Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат белгилегендей, Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн мурдагы кызмат адамдары кылмыштуу кутум менен Р.Э.ге Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Сейил” тилкесинде жайгашкан 1 гектар жер тилкесин мыйзамсыз берип жиберишкен.
Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, Н.А. кармалган. Учурда жогоруда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө иштери жүргүзүлүүдө.