
Орусиялык миллиардер
Александр Галицкийдин мурунку жубайы
Алия Галицкая убактылуу кармоочу жайда өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Орусия басылмалары билдиришүүдө.
Маалыматка ылайык, Галицкая мурдагы күйөөсүнөн 150 миллион доллар талап кылган деп шектелип, тергөөнүн алкагында кармалган. Аял өзүнүн акыркы катында болгон окуя үчүн мурдагы күйөөсүн күнөөлөгөн.
Жубайлар 2025-жылдын март айында ажырашкан жана алардан ортосунда эки кыз бар. Ошол эле жылдын октябрь айында Москва соту мурдагы аялы менен биргелешип топтолгон мүлктү бөлүшүү боюнча доого байланыштуу Галицкийдин 435 миллион рублдук мүлкүн камакка алган.
Белгилей кетсек, Александр Галицкий - Almaz Capital Partners фондунун негиздөөчүсү жана Альфа-банктын мурдагы директорлор кеңешинин мүчөсү.