Биз социалдык тармакта

"Унаанын" Бишкектеги бөлүмүнүн 3 кызматкери кармалды

Бишкек шаарынын Транспорттук каражаттарды каттоо борборунун 3 кызматкери кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүүнү уюштурган кылмыштуу топко көмөк көрсөтүп келишкени аныкталган. Алар: аталган бөлүмдүн башкы адиси С.Д. жана адистер К.У. менен У.А.. Шектүүлөр 1 айга камакка алынышкан. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, Чүй облустук милициясы жол кыймылынын эрежелерин окутуу жана автомектептерин бүтүргөндүгү тууралуу жасалма күбөлүктөрдү даярдоо менен алектенип келген топ аныкталганын билдирип, топту уюштурган деген шек менен 3 адам кармалганын кабарлаган.
"Унаанын" Бишкектеги бөлүмүнүн 3 кызматкери кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан