Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө мурдагы мамлекеттик машина короосу мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдүн Тамчы айылында жайгашкан мурдагы мамлекеттик машина короосу жер тилкеси менен кошо мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат белгилегендей, 2000-жылдан 2004-жылга чейинки мезгилде жогоруда аталган кыймылсыз мүлк Айыл чарба министрлигинин алдындагы Республикалык жер жана агрардык реформа борбору тарабынан тиешелүү тендер өткөрүлбөстөн үчүнчү жактарга сатылып кеткен.

Аудиттин жыйынтыгында, имараттары менен кошо жалпы аянты 1,5 гектар болгон жер тилкеси мамлекеттик баланска кайтарылды.

Ысык-Көлдө мурдагы мамлекеттик машина короосу мамлекетке кайтарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан