Бүгүн, 22-январда Ольга Артамонова КРнын дзюдо боюнча кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул чечимге бүгүн, 22-январда орун алып жаткан КРнын өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коллегиясында кол коюлду.