Биз социалдык тармакта

Өспүрүмдүн катышуусундагы жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн алды

Нарындын Кочкор районунда ата-энесине айтпай унаа айдап чыккан өспүрүм кырсыкка учурап, жанындагы эки досу каза тапты. Маалыматты бүгүн, 10-февралда Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы SUPER.KG порталына тастыктады.

Маалым болгондой, каргашалуу окуя 7-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында болгон. Анда KIA K5 үлгүсүндөгү автоунааны үйдө ата-энеси жоктугунан пайдаланып, 2010-жылы туулган бала айдап чыккандыгы аныкталды. Ал 2009-жылы туулган 2 досун салып катуу ылдамдыкта баратып, рулга ээ боло албай ала салып кеткен.

Натыйжада айдоочу денесинен жаракат алып, ооруканага түштү. Ал эми эки жүргүнчү ооруканада каза болду. Тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан