Биз социалдык тармакта

Унааны көрсөтпөй айдап чыккан... Кочкордо өспүрүмдөр жол кырсыгына учурап, 2 бала каза тапты

Кочкордо катталган жол кырсыгынан 16 жаштагы 2 бала каза тапты. Маалыматты бүгүн, 10-февралда Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, кырсык 7-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында болгон. 15 жаштагы өспүрүм үйдө ата-энеси жоктугунан пайдаланып, KIA K5 үлгүсүндөгү унааны айдап чыккан. Андан соң ал 2 досун салып алып, катуу ылдамдыкта баратып, рулга ээ боло албай калган. Унаа ала салып кеткен.

Натыйжада, унааны айдап чыккан бала денесинен жаракат алып, ооруканага түшкөн. Ал эми анын 2 досу ооруканада каза болуп калышкан.

Бул окуя каттоого алынып, жеринде териштирүү иштери болгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан