Бишкекте алдамчылыкка шектелип 65 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 17-октябрында милицияга кайрылган жаран, шектүү 2019-жылы Фрунзе көчөсүндө банктык чегин берем деген шылтоо менен 60 миң долларын алдап алып кеткенин айткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.