Биз социалдык тармакта

Ноокенде диний экстремисттик материалдарды таратууга шектелип 3 жаран кармалды

Ноокен районунда диний экстремисттик материалдарды таратууга шектелип 52, 46 жана 40 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таркатуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөрдүн ар биринин үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп, жалпы 7 даана уюлдук телефон, 1 даана планшет, 1 даана ноутбук, 26 даана диний экстремисттик агымдарга таандык китептер, 4 даана DVD диск жана башка буюмдар табылган.
Алынган буюмдарга карата соттук-лингивистикалык экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан