ӨКМ кызматкерлери TikTok'тогу трендден калбай видео тартып жарыялашты. Анда кызматтык унаа бара жатканда жол бошотпогон айдоочу кандай абалда кала турганын көрсөтүшкөн.
Коомчулукка тараган бул видео кызуу талкууга түшүп, заманбап агымдан калбаган өрт өчүрүү кызматкерлеринин кадамына түрдүү пикирлер айтылууда.