
Айыл чарба министрлиги дыйкандарга М9 карлик подвоюна уланган алма көчөттөрүн отургузууну сунуштады.
Министрликтин маалыматында, алманын аталган түрү интенсивдүү багбанчылык үчүн колдонулат, бирок мындай бактарды 1 гектарга отургузууда чыгымдар бир топ жогору болот.
"Эгер 4-5 гектар аянтка бак отургузууну пландасаңыздар, М9 подвоюн колдонсоңор ылайыктуу. Бул түрдөгү алманын тамыр системи терең кетпейт, орточо 60-80 сантиметрге чейин гана өсөт жана тамыры назик болот. Көчөттөрдү сөзсүз түрдө шпалерага бекем байлап, италиялык кыйгач пальмета формасында калыптандыруу керек",- деп билдирген министрлик.
Ошондой эле мындай ыкма менен отургузулган алмадан 1 гектар аянттан 90-100 тоннага чейин түшүм алууга мүмкүнчүлүк бар экени кошумчаланган.