Кыргызстандын Чек ара кызматынын атайын багыттагы “Бөрү” аскердик бөлүгүнүн аскерлери Дубайда "UAE SWAT Challenge" мелдешине катышууда.
Ага катышып жаткан кызматкерлердин биринин кызы экран аркылуу колу менен жүрөкчө белгисин көрсөтүп коюуну суранган. Аны “Бөрү” аскердик бөлүгүнүн кызматкерлеринин бири социалдык тармактагы баракчасынан бөлүшүп, "кызмат үстүндө тайманбас эр азамат болсоң дагы, кызың үчүн ар дайым сүйүктүү атасың" деген билдирүү калтырды.
Коомчулукка тараган бул видео жылуу пикирлер менен коштолууда.