Биз социалдык тармакта

Видеого түшүп калган... Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектелип 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган жаран Ак-Босого конушундагы үйүнөн баасы 50 миң сом турган алтын чынжырчасы уурдалганын айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кармалган жарандын ушуга окшош башка кылмыш фактыларына катышы бар экендиги аныкталды.

Райондук милиция шектүүнүн видеосун да жарыялады.

Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан