Биз социалдык тармакта

Ошто 10 жаңы мектеп курулуп, 1-сентябрда пайдаланууга берүү пландалууда

Ош шаарында 10 жаңы мектеп курулуп, 1-сентябрга чейин толук бүтүрүп пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу 10-февралда Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар мэри Жеңишбек Токторбаев жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин катышуусунда курула турган жаңы мектептер боюнча жыйын өттү. Жыйында пландалып жаткан 10 мектептин долбоорлору, алардын курула турган жерлери, инфраструктуралык камсыздоо маселелери жана курулуш иштеринин этаптары талкууланды. Жыйындан соң шаар мэри, министр жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте курула турган мектептердин аймактарын көрүп чыгышты.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Ош шаарында 10 мектеп курулат. Анын ичинде Салижан Жигитов атындагы жана Михаил Ломоносов атындагы мектептердин эски имараттары толугу менен бузулуп, ордуна жаңы заманбап мектептер тургузулат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан