Биз социалдык тармакта

Кызыл-Кыядагы бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы бала бакчанын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат белгилегендей, 1996-жылы 2200 чарчы метр жер тилкеси менен бирге жалпы аянты 533,3 чарчы метр болгон бала бакчанын имараты курулган. Бирок ошол учурда мүлк "Нур-КМ" акционердик коомунун жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилген.
Жүргүзүлгөн текшерүү иштеринен кийин социалдык объекттин ээси өзүнүн менчигинин мыйзамсыз экенин түшүнүп, бала бакчанын имаратын жана жер тилкесин мамлекетке өз ыктыяры менен кайтарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан