Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети синтетикалык баңгизаттарды жеткирүү каналы жабылганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Казакстандын жараны жалпы салмагы 5 килограмм болгон "Альфа ПВП" синтетикалык баңгизаты менен кармалган. Ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган жана баңгизат каналынын уюштуруучуларын аныктоого багытталган кошумча тергөө иштери уланууда.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (Ири өлчөмдөгү баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.