Биз социалдык тармакта

Бишкекте BMW X5 автоунаасын алдап алып кеткен шектүү кармалды

Бишкек шаарында BMW X5 автоунаасын алдап алып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу 10-февралда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын июль айында К.А. аттуу жаранга чала тааныш адамдар бөлүп төлөп беребиз деген шылтоо менен анын 25 миң долларга бааланган BMW X5 үлгүсүндөгү унаасын алып кетишкен. Бирок убада кылынган төлөмдөр ушул күнгө чейин аткарылган эмес. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголдо.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 1994-жылы туулган Ж.У. аттуу жаран кармалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан