Кыргызстанда эттин – уй жана кой этинин бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди Бул тууралуу экономика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-январдагы №3 буйрук күчүнө кирген. Бул документтин алкагында Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын аймактык бөлүмдөрү өлкө боюнча эттин чекене сатуу бааларын чектеп белгилешкен.
Чектелген баалар аймактар боюнча:
Бишкек: уй эти — 720 сом, кой эти — 710 сом;
Чүй облусу: 740–750 сом;
Нарын облусу: 620–680 сом;
Ысык-Көл облусу: 680–740 сом;
Талас облусу: 685–695 сом;
Ош жана Ош облусу: 720–730 сом;
Жалал-Абад облусу: 630–720 сом;
Баткен облусу: 700 сом.
Министрлик белгилегендей, бул чаралар баалардын кескин өсүүсүн алдын алуу жана керектөөчүлөрдү коргоо максатында кабыл алынган. Белгиленген баалардын сакталуусун аймактагы антимонополия органдары көзөмөлдөйт.