Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын жана бишкектик “Дордой” футболдук клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев учурда түркиялык клубда кароодо жүрөт. Бул тууралуу футболчу өзү билдирди.
Азырынча клубдун аталышы жана кароонун жыйынтыгы белгисиз.
Эске салсак, Мирлан Мурзаев бишкектик “Дордойдун” курамында 2013-жылы ТОП-Лигада 2-орунду ээледи. Бомбардирлердин тизмесинде ал 13 голу менен 2-орунду камсыздаган.