Биз социалдык тармакта

Чүйдө жасалма айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочу кармалды

Чүй облусунда жасалма айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору кызмат өтөө учурунда KIA Optima үлгүсүндөгү унааны токтотуп, аны 1995-жылы туулган Х.Ш. аттуу жаран айдап бара жаткандыгы аныкталды. Экспертизанын корутундусуна ылайык, анын айдоочулук күбөлүгү жасалма деп табылды.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтердин жасалмалоо жасоо) менен кылмыш иши козголду. Ал эми 1995-жылы туулган Х.Ш. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан