Биз социалдык тармакта

Чүйдө унаадан адам сөөгү табылып, аны менен ичимдик ичкендер кармалышты

Панфилов районунда адам өлтүрүүгө шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-февралда Панфиловка айылындагы бир үйдүн короосунда KIA K5 үлгүсүндөгү унаанын салонунан эркек кишинин сөөгү табылган. Каза болгон адам 32 жашта экендиги аныкталып, денесин кароо учурунда кабыргасынан октон алган жаракат жана бетинен жаракаттар табылган.
Окуя болгон жерден ок атуучу сайсыз кыскартылган мылтык октолгон абалда табылган жана бир атылган гильза аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөдө маркум менен 32 жана 34 жаштагы жарандар алкоголдук ичимдиктерин чогуу ичишкени белгилүү болгон. Ошол учурда маркум менен 32 жаштагы шектүүнүн ортосунда уруш чыгып, ал 34 жаштагы шеригинин мылтыгын үйүнөн алып чыгып, маркумга ок чыгарган.
Облустук милиция 2 адам тең убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сот тарабынан эки айга камакка алынышканын кошумчалады. Уурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан