АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин Бакуга барганда жубайы менен түшкөн сүрөтү чет элдик маалымат каражаттарынын көңүл чордонуна айланды.
АКШнын экинчи айымы жолдошуна болгон мамилесин ачык көрсөткөн көз ирмемдер Бакудагы Гейдар Алиев эл аралык аэропортунда тартылган.
Белгилей кетсек, кечээ 10-февралда Жей Ди Вэнс Азербайжанга иш сапар менен барып, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушуу өткөргөн.