Биз социалдык тармакта

Чүйдө ишенип берилген малды сатып жиберүүгө шектүү кармалды

Чүй облусунда ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, М.Б. аттуу жарандын “К.Ж.” фермердик дыйкан чарбасында 1998-жылы туулган Ж.Э. аттуу жаран малчы болуп иштеген. Ал 2025-жылдын октябрь айында 50 баш музоону 2026-жылдын апрель айына чейин багууга милдет алган. Бирок 2026-жылдын январь айында аталган жаран өз алдынча малды сатып жиберип, түшкөн каражатты онлайн-казино оюндарында ысырап кылган. Материалдык зыяндын суммасы 3 миллион 700 миң сомду түзгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесине (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу) ылайык кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Ж.Э. кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан