Биз социалдык тармакта

Ош шаарында өспүрүмдү тоноп, акча талап кылган жаран кармалды

Ош шаарында жашы жете электерге карата зомбулук көрсөтүп, аларды тоноп жүргөн 2004-жылы туулган М.Б. аттуу жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, ал мектептердин биринин алдында 8-классынын окуучусунун уюлдук телефонун коркутуп тартып алган. Жана анын дарегин тактап, акча талап кыла баштаган. Жабырлануучудан шектүү 2000 сом алып жаткан учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалды.
Шектүү М.Б. мурда 4 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Тергөө уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан