
Бишкек шаарында унааны талкалап, жаранга кол салган шектүү кармалды. Бул тууралуу 11-февралда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-февралда Тынчтык конушунда белгисиз жигит Н. У. аттуу жарандын Honda Odyssey үлгүсүндөгү уунасынын айнектерин сындырган. Ошондой эле пикир келишпестик учурунда шектүү айдоочуга карата физикалык күч колдонуп, дене жаракаттарын келтирген. Жыйынтыгында жабырлануучу шаардагы медициналык мекемелердин бирине кайрылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2006-жылы туулган Т.Ш. аттуу жаран камакка алынды. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.