Биз социалдык тармакта

Алматыда студенттин башына мылтык мээлеген мугалимдин окуясы чуу жаратууда (видео)

Социалдык тармактарда Казакстандын Алматы шаарындагы колледждердин биринде тартылган видео тарады. Кадрларда мугалим студенттин башына коюлган бутага мылтык менен ок атканын көрүүгө болот. Ок атылган учурда жаш жигит колу менен көзүн жаап турган. Андан соң ал ок бутага тийбегенин айткан.

Окуу жай бул окуяга байланыштуу түшүндүрмө берди.

"Мугалим студенттер менен баарлашып жатып, мылтыгына ок эмес, кебез салып аткан. Эч кимге зыян келтирилген эмес. Бул аракет окутуунун ыкмасы же жаза чарасы болгон эмес",- деп билдиришти окуу жайдан.

Бирок этика жана коопсуздук техникасынын талаптары бузулганын моюнга алышты. Аталган факт боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүлүүдө.

Алматыда студенттин башына мылтык мээлеген мугалимдин окуясы чуу жаратууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан