Эртең, 12-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3... +2, күндүз +1... +6;
- Талас жергесинде түнкүсүн -1... +1, күндүз +2... +4;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3... +5, күндүз +7... +9;
- Нарын аймагында түнкүсүн -11... -13, күндүз -3.. -5;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2... -4, күндүз +4... +6;
- Бишкек шаарында түнкүсүн 0... +2, күндүз +3... +5 градус.