Биз социалдык тармакта

Бишкекте ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды

Бишкекте ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелип 51 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Биринчи Май райондук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-февралда милицияга Улуттук госпиталга денесинен жаракат алган эркек киши түшкөндүгү тууралуу маалымат келген. Милиция кызматкерлери дароо "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген жаран 33 жашта экенин такташкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Райондук милиция 51 жаштагы жарандын башка кылмыш фактыларына тиешеси бар-жогу такталып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан