Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Лариджани бүгүн, 11-февралда АКШ Тегеран менен мамиледе эми аскердик чечимди эмес, башка багытты тандаганы айткан. Бул тууралуу ал Al Jazeera телеканалына берген маегинде билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Лариджани АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнө Израилдин таасир көрсөтүүгө аракет кылып, согуш үчүн себеп издеп жатканы тууралуу эскертти. Ал мындай аракеттердин регион үчүн тобокелдик жарата турганын кошумчалаган.