
Бишкекте жубайын узак убакыттан бери кыйноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 12-февралда Свердлов райондук ички иштер бишкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-январда милицияга М.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында жолдошу тарабынан узак убакыттан бери системдүү түрдө физикалык жана психологиялык зомбулукка кабылып келгенин билдирген.
Белгилеп кетүүчү жагдай, шектүү жаранга карата буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча бир нече жолу коргоо ордерлери берилген. Бирок ага карабастан, шектүү зомбулукту токтотпой, кайталанып келген аракеттери менен жубайына туруктуу түрдө физикалык жана моралдык зыян келтирип келген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү (Кыйноо) боюнча кылмыш иши козголгон. Натыйжада 1977-жылы туулган М.Д. аттуу жаран камакка алынган.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.