Биз социалдык тармакта

Жеңиш турак жай конушунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкек шаарындагы Жеңиш конушунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу 12-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Берилген маалыматка ылайык, 17-февралда саат 10:00дөн 15:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объекттерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суунун өчүрүлүшү Жеңиш турак жай конушундагы "Жеңиш" суу топтомосунда авариялык-оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан