Биз социалдык тармакта

Чүйдө 4 миллион сомду ыйгарып алууга шектелип күрөөкана кызматкери кармалды

Чүйдө 4 миллион сомду ыйгарып алган деп шектелип күрөөкана кызматкери кармалды. Бул тууралуу 12-февралда облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-январда милицияга 1999-жылы туулган Ц.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында У.П. аттуу күрөөканада эксперт-баалоочу-кассир болуп иштеген жаранга жана материалдык жоопкерчилиги бар С.М. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Шектүү жасалма насыя берүү иштерин жогорулатылган баада жүргүзүп, акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алган.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2024-жылдын ноябрь айынан 2025-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта С.М. аттуу жаран жалпы суммасы 4 миллион сомду түзгөн акча каражаттарын ыйгарып алган. Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде 1986-жылы туулган С.М. аттуу жаран кармалды. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан