
Бүгүн, 12-февралда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал-Казарман бөлүгүндө - жолдун 243-296-чакырымдар аралыгына кар көчкү түштү. Азыркы тапта көчкүнүн көлөмү такталууда.
Транспорт министрлиги жол эки тараптуу жабык экенин билдирди.
Тазалоо иштери министрликке караштуу №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Жерине атайын техника тартылып, жолду тазалоо иштери уланып жатат.
Кошумча маалымат берилет.