Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын 8 ишканасы эми Кытайга продукция экспорттойт

Кыргызстандын 8 ишканасына Кытайга продукция экспорттоого уруксат берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги 12-февралда билдирди.

Кытай рыногуна продукция жеткирүүгө уруксат алган ишканалардын тизмесине төмөнкүлөр кирди: "Ат Башы Трейд", "Алия", "Гермес Ко ЛТД", "Жол-Аман", "Таалай Групп", "Wool KG", "Опэн Трейд" жана "Торугарт Трейд".

Аталган ишканалар ири мүйүздүү малдын терисин жана майда мүйүздүү малдын жүнүн кайра иштетүү менен алектенишет.

"Уруксат алуу ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн экспорттук жеткирүүлөрдү кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат",- деп билдирди мекеме.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан