Түркия парламентинде оппозициялык маанайдагы депутаттар менен бийлик тараптагы депутаттардын ортосунда жыйын учурунда түшүнбөстүк жаралып, мушташ менен коштолду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеолорду бөлүштү.
Маалыматтарга ылайык, парламенттеги жаңжал жаңы юстиция министри ант берип жаткан маалда башталган. Анда оппозициячыл депутаттар Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тарабынан эң жогорку сот кызматына дайындалган Акин Гүрлектин ант берүүсүнө жол бербөөгө аракет кылышкан.
Ант берүү токтотулбастан уланган, бирок жыйын үзгүлтүккө учураган.
Акин Гүрлек өткөн жылдын март айында шаардын мэри Экрем Имамоглун камакка алуу үчүн ордер чыгарып, бүткүл өлкө боюнча массалык нааразычылык акцияларын жараткан.