Бишкекте 18 жаштагы кыз опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган жаран аталган кыз январь айынан бери андан 5 миллион сом талап кылып, аны күч колдонуу, эркинен ажыратуу менен коркутуп, тынчын алып жүргөндүгүн айткан.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери 18 жаштагы кызды 300 миң сом акча каражатын мыйзамсыз алып жаткан жеринен колго түшүрүшкөн. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.