
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагындагы №100 Савай атындагы орто мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу 12-февралда облусутук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-февраль күнү саат 05:56да аталган мектептин имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Кара-Суу райондук №25-Өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм тартылган.
Өрт саат 06:30да чектөөгө алынып, саат 08:10до толугу менен өчүрүлдү. Учурда келтирилген чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.