Биз социалдык тармакта

Талантбек Кенжеев Көк бөрү боюнча эл аралык федерациянын президенти болуп шайланды

Бүгүн, 12-февралда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Көк бөрү боюнча эл аралык федерациянын кезексиз отчёттук-шайлоо конгресси болуп өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө Талантбек Кенжеев бир добуштан көк бөрү боюнча эл аралык федерациянын президенти болуп шайланды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги өзүнүн компетенциясынын алкагында федерацияга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Конгрессте федерация жетекчилигинин ишмердүүлүгү боюнча отчёт угулуп, салттуу ат спортун өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча маанилүү маселелер талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан