Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү тармагындагы кызматташтыгы талкууланды. Бул тууралуу 13-февралда Агартуу министрлигинен билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кытайдын Кыргыздагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кытайдын компетенттүү органдары менен билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Мектепке чейинки, жалпы орто жана баштапкы кесиптик билим берүү багыттарындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле өнөктөштүктүн практикалык механизмдерин кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан