
Бишкек — Ош жолундагы Ала-Бел ашуусунун 255-чакырымында 13-февралда саат 10:50 чамасында кар көчкү түштү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги учурда аталган тилкеде тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди.
Жол убактылуу жабык. Кошумча маалымат берилет.