2021-жылдан бери мамлекеттик көзөмөлдөгү Кумтөр кенинен 100,6 миллиард сом салык жана милдеттүү төлөмдөр түшкөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында маалымдады.
Маалыматка ылайык, Кумтөр кенинин 2025-жылдагы таза пайдасы 706 миллион долларды түздү. Ошондой эле 5 жыл аралыгында 70 тонна алтын өндүрүлүп, кору көбөйтүлдү.