
Бишкек шаарында бул жылы 10 жаңы бала бакча куруу пландалууда. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев коллегияда 2026-жылга карата социалдык инфраструктура объекттерин куруу планын айтып жатып билдирди.
Мэрдин маалыматына ылайык, учурда борбор калаадагы бала бакчаларга 36 миңден ашык бөбөк барат. Бирок 29 миң бала кезекте турат.
“Акыркы үч жылда 22 бала бакча ачылып, 2026-жылга дагы 10 бала бакча куруу пландаштырылууда. Бул орундардын жетишсиздигин жарым-жартылай жоюуга мүмкүндүк берет”,- деди калаа башчысы.
Жаңы бала бакчалардын курулушу шаардагы социалдык инфраструктураны чыңдоого жана балдар бакчаларына кезек күтүп жаткан ата-энелердин көйгөйүн чечүүгө багытталат.