Кыргызстандык балбан кыздар Швецияда “Klippen Lady Open” аттуу эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Маалымдалгандай, турнир 13-15-февраль күндөрү өтөт. Аталган мелдеште Кыргызстандын намысын үч спортчу коргойт:
- 49 килограммга чейин - Токтосун кызы Асел;
- 53 килограммга чейин - Айдеми Асангазиева;
- 68 килограммга чейин - Аяна Асамаликова.
Улук машыктыруучу - Нурсултан Аскарбеков.