
Чүйдүн Жайыл районундагы Бороондуу жайлоосунда кар көчкү алдынан 20 баш койдун тарпы табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.
Ага ылайык, 14-февралда кар көчкүдө калган жаранды издөөгө жалпы 55 адам тартылган.
Буга чейин 10 баш койдун тарпы табылганы
айтылган. Издөө иши бүгүн улантылат.
Белгилей кетсек, 12-февралда Д.А. аттуу 59 жаштагы кишини 50 баш кой, 1 аты менен кар көчкү басып калган.