Кыргызстандык MMA мушкери жана RIZIN уюмунун чемпиону Ражабали Шайдуллаев үйлөндү.
Интернет желесинде анын үлпөт көйнөк кийген бийкечти жандап, жакындары менен майрамдык кече уюштуруудагы видеосу тарады. Мушкердин күйөрмандары жаштарга жылуу каалоо-тилектерин жазып калтырышууда.
Айта кетсек, Шайдуллаев жакында Япониядагы абройлуу уюм болгон RIZIN’де ийгиликтүү чыгып, чемпиондук наамга ээ болгон.